БАБУР ТЕАТРЫНЫН АЧЫЛЫШ АЗЕМИ
Кыргыз-өзбек маданиятын чагылдырып, эки элдин эпосторун элге көрсөтүп келе жаткан Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театры акыркы эки жылга чукул убакытта оңдоо иштерине жабылган. Ал учурда театр кызматкерлери жана театр күйөрмандары бул жерде коюлуучу маданий иш-чараларга суусап калганын ачылыш аземинде коюлган "Айролик" спектаклин көрүү учурунда байкалып турду. Эки элдин башын бириктирип, ынтымагын бекемдеп турган Бабур театрынын кызматкерлерин жана театр сүйүүчүлөрүн жаңы заманбап имарат менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ушул жерде жаңы таланттар ачылып, спектаклдер аншлаг менен гана өтүп турсун!!!
Название:
БАБУР ТЕАТРЫНЫН АЧЫЛЫШ АЗЕМИ
Категория:
Разное