ЯСИН СҮРӨСҮ | КЫРГЫЗЧА МААНИСИ МЕНЕН
ЯСИН СҮРӨСҮ (36) Сексен үч аяттан турган бул сүрө дагы Меккеде түшүрүлгөн. Ал Курани Каримге ант жана Мухаммад алайхисаламдын чын пайгамбар экендигин тастыктоо менен башталып андан соң ал затты жалганчы деген курайш каапырлары жана алардын таба турган жазалары туурасында кабар берет. Бул сүрөдө Алла Тааланын Антокия шаарына жиберген элчилери, жана шаар эли аларды жалганчы дегендери себептүү кыйроого дуушар болушкандыгы туурасында дагы ошол жердеги ыйман келтиргендиги шарапатынан алланын ракымына татыктуу болгон Хабиб-ан-Нажар аттуу бир такыбаадар пенде туурасында аңгеме кылынат. Жана бул сүрөдө окуучунун көңүл борбору, түн менен күндүздүн алмашып турушундагы; ой менен күндөй эбегейсиз чоң сайяралардын (планета) бир дагы сания (секунда) тынбастан, өз багытында өтө так кыймыл менен айланып турууларындагы жараткандын кудуретине далил боло турган жактарына каратылат. Бул сүрөдө ыйман жана такыбаа элдер үчүн даярдап коюлган бейиш жасалгалары абдан жандуу сүрөттөлүп берилет, жана тилдер дудук болуп, колдор тилге кире турган, буттар күбөлүк бере турган, кыямат күндөгү каапырлардын акыбалдары бүт коркунучу менен баяндалат. Сүрө өзүнүн баштапкы аяты ясин наамы менен аталат. Анын Курани Каримде ээлеген орду мартабасы туурасында пайгамбар алайхис-саламдан мына мындай хадис шариф рабаят кылынган (айтылган). Ал зат: «албетте ар бир нерсенин жүрөгү бар. Курандын жүрөгү «ясин». Мен бул сүрөнү үммөттөрүмдүн ар биринин жүрөгүндө оолушун каалар элем» - деген экен.
Название:
ЯСИН СҮРӨСҮ | КЫРГЫЗЧА МААНИСИ МЕНЕН
Категория:
Разное