Алыкул Осмонов - Ден соолук (cover)

434 подписчика

12+
12+

1 просмотр

день назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав

434 подписчика

12+
12+

1 просмотр

день назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

1 просмотр

день назад

Алыкул Осмонов кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Ал 1915-жылы 21-мартта төрөлүп, 1950-жылы 12-декабрда көз жумган. Алыкул Осмонов кыргыз адабиятынын тарыхында өтө маанилүү орунду ээлейт. Ал кыргыз поэзиясын жаңы деңгээлге көтөргөн, дүйнөлүк классикалык поэзиянын үлгүлөрүн кыргыз тилине алып келген. Адамдын ички дүйнөсү, сүйүү, тагдыр, мекен темаларын терең чагылдырган чыгармалары менен белгилүү. Жаш кезиңден жаркылдап, Жакшы болсо ден соолук, Кор болбойсуң, өскөндө: Бирде жатып, бирде ооруп. Бала кезден жаркылдап Бекем болсо Ден соолук. Кем болбойсуң өскөндө: Кээде жатып, кээде ооруп. Окуп билим аларда, Теңтушуңа тең болуп, Керек экен ошондо, Темирдей бекем ден соолук. Эл коргоого барарда, Эр көкүрөк кең болуп, Керек экен ошондо, Эң биринчи ден соолук. Тоодон шахты казарда, Тоодой ташты омкоруп, Керек экен анда да, Эң биринчи ден соолук Жолдошуңдун жанында, Жолборстой кыраан шер болуп, Теңеле басып тең жүрүп, Мактанарың ден соолук. Илимпоз болсоң өскөндө, Элдин камын ойлонуп, Талыктырбас эч качан, Жан жолдошуң ден соолук. Сүйгөнүңдүн жанында Сүрүң кайрат дем болуп, Сүттөй көңлүң агарып, Сүйүнөрүң ден соолук. Алсыз болуп арбайып, Алты күндө бир ооруп, Арман айтып зар ыйлап Жалынсаң келбейт ден соолук. Жашоо керек жадырап, Заманыңа бел болуп. Бакыт-ырыс таалайың, Ушул эле ден соолук. Түгөнбөгөн адамзат, Кебелбеген кем болуп, Тукумдан-тукум калтырчуу Мурасы ушул ден соолук.

Название:

Алыкул Осмонов - Ден соолук (cover)

Категория:

Разное